Мектептеги балдар арасындагы зөөкүрлүктү жоюу үчүн ар тараптуу иш жүргүзүү зарыл. Мындай пикирин Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мектептеги зөөкрүлүк эркек балдарда эле эмес, кыздар арасында да тамырын жайып баратат.
"Мектептердеги окуучулардын тартиби 1990-жылдардагыдай эле болгону калды. Ылдыйкы класстардан массалык акча чогултуу же аларды "тарбиялоо" башталганда сабакты калтыргандар көбөйө баштайт. Мугалимдер ушундан эле түшүнөбүз. Мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн мугалимдердин укугун кеңейтишибиз керек. Антпесе демократиялык коом деп отуруп такыр эле либералдык системага кирип кеттик. Мисалы, бала кечигип келсе мугалимдин аны сабакка киргизбей коюуга акысы жок. Класста сабак өтүүгө жолтоо болуп, каалаганын жасап жаткан окуучуларды коридорго чыгарып кое албайт. Керек болсо балдарды ордунан тургузуп сабак сурай албай калдык", — деди Батырбеков.
Ал мугалимдердин укугун мыйзам менен коргоо муктаждыгы жаралып калганын белгиледи.
"Президенттин адеп-ахлак, тарбия боюнча чыгарган жарлыктарын улай оозунда сөзү, коомдо орду бар адамдардан түзүлгөн атайын топтор иштесе деген пикирдемин. Алар мектептерге барып окуучулар менен жолугуп турушса таасири мыкты болмок. Балдарыбыз көргөн тасмаларынан да катуу таасирленишет. Андыктан бул жааттагы адистер да ойлонгону туура. Анан да жергиликтүү бийликтер жаштарды коомдук иштерге тарткан долбоорлорду бадар менен биргеликте аркаласа жакшы болмок", — деди Батырбеков.
Ал ошондой эле учурда эркек мугалимдер жалпы педагогдордун беш пайызын гана түзөрүн, мектептерде агайларды көбөйтүү керектигин кошумчалады.