Түндүк Македонияда дискотека учурунда чыккан өрттөн 50дөй киши каза болду. Видео

Дискотекага келгендер. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Түндүк Македонияда дискотека учурунда чыккан өрттөн 50дөн ашуун киши каза болгонун РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Кочани шаарындагы жергиликтүү топтун концертине 1,5 миңдей киши келген. Алдын ала маалымат боюнча, өрт саат 3төр чамасында пиротехникалык каражат колдонуп жатканда чыккан. Кырсыктан ондогон киши жабыркап, алар өлкөнүн ар кайсы шаарындагы ооруканаларга жаткырылган.
Окуя болгон жерге премьер-министр Христиан Мицкоски жана өкмөт мүчөлөрү барганы айтылды.
Куюн шамалдын кесепети. Архив
АКШда катуу куюндуу шамал болуп, 34 кишинин өмүрүн алды. Видео