28 градуска чейин ысыйт. Келерки аптага болжолдонгон аба ырайы

Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы парктагы адамдар. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет 23-мартка чейин республика боюнча күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, Бишкекте 16-март күнү түшкө чейин жаан жаашы мүмкүн. Андан кийин күн ачык болуп, 22-мартта мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул аптада борбор калаада күндүн табы 26 градуска чейин жетет.

Чүй, Талас

16-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн. 17-21-мартта күн ачык болот. Ал эми 22-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонду.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Республиканын түштүк жергесинде келерки аптада жаан-чачын болбойт. Жалал-Абадда гана 21-22-мартта тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ошондой эле үч облуста тең 17-22-март күндөрү айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жеткен шамал болушу күтүлүүдө.

Ысык-Көл, Нарын

Ысык-Көл жергесинде аптанын башы менен аягында, 16-22-мартта айрым жерлерде жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт.
Бишкектеги көчө галереясында сүрөттөрдү карап жаткан кыз. Архив
Күн 25 градуска чейин ысыйт. Мартка карата аба ырайы