БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Күрөш боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене табия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Азия чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп, ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандан 27 балбан катышат. Спорттук иш-чара 25-30-март күндөрү болот.
Грек-рим күрөшү боюнча:
Улан Муратбек уулу — 55 кг;
Акыл Сулайманов — 60 кг;
Дөөлөтбек Чойбеков — 63 кг;
Раззак Бейшекеев — 67 кг;
Ырыскелди Хамзаев — 72 кг;
Ырыскелди Максатбек уулу — 77 кг;
Бекзат Орункул уулу — 82 кг;
Асан Жанышов — 87 кг;
Мелис Айтбеков — 97 кг;
Эрлан Манатбеков — 130 кг.
Азат Бейшебеков менен Атай Замирбеков улук машыктыруучу (U-23) болсо, Уран Жузуп уулу башкы машыктыруучу катары барат.
Эркин күрөш боючна курама команда:
Алмаз Сманбеков — 57 кг;
Бекболот Мырзаназар уулу — 61 кг;
Тайырбек Жумашбек уулу — 65 кг;
Эрназар Акматалиев — 70 кг;
Орозобек Токтомамбетов — 74 кг;
Арсалан Будажапов — 79 кг;
Мухаммад Абдуллаев — 86 кг;
Бекзат Рахимов — 92 кг;
Каныбек Абдулхаиров — 97 кг.
Азат Мирахимов башкы машыктыруучу, Эламан Догдурбек уулу менен Ильгиз Жакыпбеков улук машыктыруучу (U-23) катары барат.
Кыз-келиндер күрөшүнүн улуттук курамы:
Арууке Кадырбек кызы — 55 кг;
Сезим Жуманазарова — 57 кг;
Таңчолпон Кабылбекова — 59 кг;
Калмира Билимбек кызы — 62 кг;
Дилназ Сазанова — 65 кг;
Гүлнура Таштанбекова — 68 кг;
Нурзат Нуртаева — 72 кг;
Айпери Медет кызы — 76 кг.
Кыздарды улук машыктыруучу Нурдин Донбаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп барат.