БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өлкөдө алдамчылык үчүн жазаны катаалдатуу сунушталууда. ИИМ Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документте алдамчылык үчүн айып пул түрүндөгү жазаны алып салып, эркинен ажыратуу мөөнөтүн узартуу сунушталган. Өзгөртүүлөргө ылайык, сунушталган жаза төмөнкүдөй:
келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо менен байланышкан алдамчылык үчүн — 20-50 миң сомго чейин (жаңы нормалар киргизилген);
ушул эле жосун олуттуу өлчөмдө жана алдын ала бүтүм боюнча жасалса — эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, 50-100 миң сомго чейин айып пул салуу же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу (азыр 3 жылга чейин);
ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн — 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу (азыр 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейин жаза).
өзгөчө ири өлчөмдө, уюшкан топ же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу жасалган алдамчылык үчүн — 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу (азыр 5 жылдан 10 жылга чейин).
ИИМдин маалыматына ылайык, акыркы учурда алдамчылык фактыларынын саны өсүүдө. Бирок көпчүлүк кылмыш иштеринде жарандык-укуктук мамилелер бар деген негиз менен иш козгоодон баш тартылып же жабырлануучу арызын кайтарып алгандан кийин иш кыскартылууда.