АКШда катуу куюндуу шамал болуп, 34 кишинин өмүрүн алды. Видео

Куюн шамалдын кесепети. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШда катуу куюндуу шамал болуп, көз жумгандардын саны 34кө жеткенин АВС басылмасы жазды.
Билдирмеге караганда, табият апаатынан Арканзас, Иллинойс, Индиана, Кентукки, Миссисипи, Миссури жана Техас штаттарында жашаган 138 миллион адамдын өмүрү коркунучта.
Торнадодон курулуш, үйлөр талкаланып, 200 миңден ашык киши жарыксыз калган.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн токойлор өрттөнүп, 100дөн ашык өрт кырсыгы катталды.
Ошто жер титирөөдөн жабыркаган турак үйлөр
ӨКМ: кечээки Оштогу жер титирөөдөн 25 үй, 12 мектеп жабыркаган