БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШ бийлиги "Эркин Европа/Азаттык радиосун"* каржылоону токтотту. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланганын РИА Новости кабарлады.
АКШ президенти Дональд Трамп бир катар уюмдардын кызматкерлерин кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын катарында "Эркин Европа/Азаттык радиосу" жана "Америка үнү"** медиакорпорацияларын көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиаагенттиги (USAGM) да бар.
Буга чейин Трамптын USAGM сыяктуу уюмдардын функциясын кыскартуу тууралуу жарлыгынан кийин "Америка үнү" медиасынын кызматкерлери административдик өргүүгө жөнөтүлө баштаганы кабарланган.
Февралда АКШнын мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу департаментинин (DOGE) жетекчиси, ишкер Илон Маск "Эркин Европа/Азаттык радиосу" жана "Америка үнү" медиакорпорацияларын жабууга чакырып, "аларды эч ким укпай калган, булар өзү менен өзү сүйлөшкөн, акылынан тайган радикалдар" деген.
* — Россияда чет элдик агент деп таанылган ЖМК
** — Россияда чет элдик агент деп таанылган ЖМК