17-мартка карата аба ырайы

Нарын облусундагы юрталар. Архив
17-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. 17-март, дүйшөмбүдө, күн ачык болот. Маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас өрөөнүндө +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +18...+23, Ысык-Көл жергесинде +8...+13, Нарын облусунда +7...+12 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы парктагы адамдар. Архив
28 градуска чейин ысыйт. Келерки аптага болжолдонгон аба ырайы