Жапаров “Аккула” ипподромунун ордуна шаарчанын курулушун баштап берди. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Бишкек шаарындагы мурдагы "Аккула" ат майданы жайгашкан жерде Royal Central Park көп функционалдуу комплексин курууга капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Бишкек шаары өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн толкунунда, жаңы экономикалык рынок шарттарында өз жолу менен өнүгүп баратканын белгиледи.
1 / 4

Бишкек шаарындагы мурдагы "Аккула" ат майданы жайгашкан жерде Royal Central Park көп функционалдуу комплексинин курулушу башталды

2 / 4

Бишкек шаарындагы мурдагы "Аккула" ат майданы жайгашкан жерде Royal Central Park көп функционалдуу комплексинин курулушу башталды

3 / 4

Бишкек шаарындагы мурдагы "Аккула" ат майданы жайгашкан жерде Royal Central Park көп функционалдуу комплексинин курулушу башталды

4 / 4

Бишкек шаарындагы мурдагы "Аккула" ат майданы жайгашкан жерде Royal Central Park көп функционалдуу комплексинин курулушу башталды

“Шаарыбыз барган сайын жаңыланууда. Көптөгөн заманбап инфратүзүмдүк объектилер пайда болуп, заңгыраган кооз имараттар курулуп, соода жана тейлөө чөйрөсү кулачын жайып, жолдорубуз четинен оңдолууда. Бүгүн мына ушундай жакшы саамалыктардын бири – өлкөнүн жүрөгү болгон Бишкек шаарын жакшыртуу аркылуу келечек муундарга өнүккөн шаар калтыралы деген чоң үмүт-тилек менен “Роял Сентрал парк” көп функционалдуу шаар комплексин түптөгөнү турабыз”, деди Жапаров.

Маалыматка караганда, бул жерде 60 миң адам жашайт. Комплекс турак жайларды (жалпысынан 23 миң батирлүү), бизнес жана соода борборлорду, анын ичинде 55 кабаттуу имараттарды жана парк аймактарын камтыйт. Мектептерди, ооруканаларды, мейманканаларды жана башка социалдык объектилерди куруу да каралган. Чет элдик инвестор менен 3 миллиард долларга келишим түзүлгөн. Долбоор Япониянын белгилүү Nikken Sekkei архитектуралык компаниясы тарабынан иштелип чыккан.
Жапаров "Ош-сити" долбоорунун IT-шаарчасынын курулушуна капсула салды