Улакчынын өлүмү. Кармалган оюнчу камакка алынып, калыс үй камагына чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Улакчы Мирлан Сраждиновдун өлүмүнөн кийин кармалган оюнчу 12-майга чейин камакка алынып, рефери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту кабарлады.
Бөгөт чарасын Бишкектин Ленин райондук соту тандаган. Шектүү деп кармалган оюнчу 12-майга чейин камакта калтырылмай болду.
Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Анда "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары мелдешке чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, атаандаш ("Бүркүт") команданын оюнчусу менен калыс кармалган.
Бишкектин Ленин РИИБинин маалыматы боюнча, оюндун шарты одоно бузулган. Тергөө "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен жүрүп жатат, экспертизалар дайындалды.
Спорт департаменти Ноорузга карата өтүп жаткан "Көк бөрү – 2025" турнирин токтотту