БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Өзүңдөн чоңго эрегишпеш керек. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжал боюнча берген комментарийинде айтканын РИА Новости жазды.
“Байден буга жол бербеши керек эле. Андан да биринчи, өзүнөн чоңго тийишпеши керек болчу”, — деген АКШ лидери.
Ал Киевге АКШ берген акча дагы, аскердик курал дагы жардам бербегенин белгилеген.
Трамп Украинада ок атышууну токтотуу боюнча Путин менен сүйлөшүүлөр жакшы бара жатканын, бирок абал “оор экенин” айткан. Ал ошондой эле бул боюнча жакшы маалымат укканын, алдыдагы дүйшөмбүдө кенен маалымат берилерин кошумчалаган.