Ошто кымбат баалуу, кызыл жалбырактуу клён дарагынын көчөттөрү отургузулду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарында кызыл жалбырактуу клён дарагынын көчөттөрү отургузулганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Дарактын көчөтүнүн баасы 200-250 долларды түзөт.
Аппенин жарым аралынан алып келинген 100дөй дарак Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгүн кооздоп турмакчы.
Мэр Жеңишбек Токторбаев көчөттөрдү алып келүүгө бюджеттен бир дагы тыйын коробогонун, демөөрчүлөр жардамдашканын айткан.
1 / 4

Ош шаарында кызыл жалбырактуу клён дарагынын көчөттөрү отургузулганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Дарактын көчөтүнүн баасы 200-250 долларды түзөт

3 / 4

Мэр Жеңишбек Токторбаев көчөттөрдү алып келүүгө бюджеттен бир дагы тыйын коробогонун, демөөрчүлөр жардамдашканын айткан

4 / 4

Аппенин жарым аралынан алып келинген 100дөй дарак Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгүн кооздоп турмакчы

Мындан тышкары, ясень, катальпа, акация сыяктуу бак-дарактар отургузулуп, 140 миң түп роза менен көрктөндүрүлмөкчү.
Ош шаарында эски көрүстөндөр рекультивацияланат