Алайда жер көчкү коркунучу жаралып, 41 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар.— Sputnik. Алай районунун Кызыл-Ой айылында жер көчкү коркунучу жаралып, сегиз үйдө жашаган 41 адам коопсуз жайларга, туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматта жер көчкү 14-15 үйгө коркунуч жаратып жаткандыгы айтылат. Алардын ичинен беш үй-бүлөгө кооптуу аймакта жашагандыгы үчүн мамлекеттен 200 миң ссуда жана жаңы жер тилкеси берилген. Учурда райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы иликтөө жүргүзүүдө.
ӨКМ: Ош шаарында жардын кырында жашагандар көчпөй жатышат