Министр: мындан ары мугалимдер мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбайт

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартпоого тийиш экени эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер мындан кийин мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбай турганын билдирди.
Министр парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып мугалимдердин негизги милдети сабак өтүү, билим берүү процессин уюштуруу экенин белгилеген.
Кендирбаеванын айтымында, республикалык бюджеттен мектептерди оңдоп-түзөөгө жана жумушчулардын акысын төлөөгө 401 миллион сом бөлүнгөн.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартпоого тийиш экени, бул мыйзамсыз болуп саналары эскертилди.
12 жылдык окууда айдоочулукка окуткан предмет каралганы айтылды