БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Милиция жүргүнчүлөрдү алыскы жолго жаткырып ташыган айдоочуларды таап, айыпка жыкты. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Жол милициясы Бишкек — Ош багыты боюнча каттаган маршруттук унааларды текшерген. Анда машинанын ичин жатып барганга ылайыктуу кылып жасап алган айдоочулар аныкталган. Кээ бири, тескерисинче, кошумча орундуктарды орнотуп койгон.
Инспекторлор элди жаткырып ташуу кооптуу болорун, бөтөнчө жол кырсыгы учурунда жүргүнчүлөр чыга албай калышы мүмкүн экенин эскерткен.
Натыйжада жети айдоочуга 41 500 сом айып салынып, унаалары айып короого токтотулду.