БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан "Көк бөрү — 2025" турнирин белгисиз мөөнөткө токтотту. Маалыматты Көк бөрү федерациясынан тастыкташты.
Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Анда "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары мелдешке чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, атаандаш ("Бүркүт") команданын оюнчусу менен калыс кармалган.
Бишкектин Ленин РИИБинин маалыматы боюнча, оюндун шарты одоно бузулган. Тергөө "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен жүрүп жатат, экспертизалар дайындалды.