Бишкектеги Ботаникалык бактан 9 чөө өлтүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкектеги Ботаникалык бактан бүгүн, 15-мартта, тогуз чөө атып өлтүрүлгөнүн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков билдирди.
Ал жырткычтарды жок кылууга калаа мэриясы менен “Тазалык” ишканасы биргеликте мергенчилерди жалдаганын белгиледи.
Ушул эле бакта өткөн жумада бир чөө өлтүрүлгөн болчу.
“Тазалык” дагы эки жума текшерип, көзөмөлдөйт, эгерде бактан чөө чыкса жок кылынат”, — деди Чуштуков.
Бишкекте кайсы көчөттөр отургузулса аба тазарары айтылды