Радио

Эрматов: бак жакшы мөмө бериши үчүн туура бутоо керек

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин агротокой жана багбанчылык секторунун башчысы Аскар Эрматов өлкөдө мөмө берген бактар 70 миң гектардан ашуун аймакты ээлей турганын билдирди.
Sputnik
Мөмө берген бактар узак жашап, мол түшүм бериши үчүн өз убагында жана туура бутоо керек. Бул тууралуу Аскар Эрматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бак бутоонун көп ыкмасы бар.
"Мөмө берген бакты туура бутоо керек. Анткени бактын мөмөсү мол болуп, туура өсүп, жашоосу узак болуусу дал ушул нерсеге байланыштуу. Бутоо иштери сууктун мизи кайтканда, чилде чыкканда башталат. Анткени буталган бак сууктан жабыркабашы керек. Ошон үчүн күндүн жылуулугу 10 градустан жогору болгондо башталат. Мөмө берген бактарды бутоонун ар кандай түрлөрү бар. Санитардык бутоодо куураган же карыган бутактар алынат. Калыбына келтирүүчү бутоо — түшүм бергенге чейинки калыптандыруу иштери. Жашартуучу бутоо ыкмасы түшүм азайып майдалана баштаганда колдонулат. Ушул сыяктуу дагы бир нече ыкма бар. Бутагандан кийин кесилген жерлерди жөн эле таштап койбош керек. Сүртүүчү атайын каражаттар бар. Эч болбосо боеп коюу зарыл", — деди Эрматов.
Ал ошондой эле мөмөлүү бактарды бутоо жана кам көрүү боюнча багбандарды окутуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.