Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын тынчтыкка карай аракеттерин колдойт

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар.— Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан менен Армениянын тынчтык келишимин түзүү боюнча аракеттерин колдой турганын билдирди.
Буга чейин Армения Баку менен тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын, документ кол коюуга даяр экенин айткан.

"Кыргызстан Түштүк Кавказда узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууну жактайт", — деп жазган ТИМ.

13-мартта Илхам Алиев Ереван Бакунун тынчтык келишиминин акыркы эки макулдашылбаган пункту боюнча сунушун кабыл алганын билдирген.
Баку менен түзүлгөн келишимдин бир пунктунда чек арага үчүнчү өлкөлөрдүн күчтөрүн киргизүүдөн баш тартуу каралган. Ошондой эле Армения Азербайжандын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы дооматтарды жок кылуу үчүн Конституциясына өзгөртүү киргизиши керек.
Песков Армениянын Евробиримдикке кирүү демилгесине комментарий берди