БИШКЕК, 15-Мар. — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +10...+12, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +17…+19, Ош шаарында +19...+21 градуска жетет.