ЖОЖго кабыл алуу тартибин өзгөртүү сунушталды. Токтом долбоорунун чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. ЖОЖго кабыл алуу тартибин өзгөртүүнү сунуштаган токтом долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды.
Документте сунушталган эрежелер:
"Алтын тамга" жокко чыккандыктан анын сертификаты бар абитуриенттерди конкурстан тышкары кабыл алуу жөнүндө норманы алып салуу;
чет өлкөлүк жарандарды ЖОЖго кабыл алуу үчүн алар тапшыра турган документтердин тизмесине милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин киргизүү;
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун мөөнөтүн 1-мартка чейин узартуу;
гранттык комиссиянын курамынан билим берүү башкармалыктарынын борбордук жана регионалдык органдарынын өкүлдөрүн чыгаруу;
форс-мажордук жагдай жаралган учурда ыйгарым укуктуу органдарга автоматташтырылган идентификациялык системага (АИС) абитуриенттерди каттоо мөөнөтүн өзгөртүү укугун берүү.
ЖОЖ жана колледждерде ваучердик каржылоо системасы сыналат