Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Зеленский жаакка жегендей эле болду". ЖМК Украинанын Суджадагы жеңилиши тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Суджадагы Украинанын жеңилиши Владимир Зеленскийди жаакка чапкандай болду деп жазылган макала италиялык L'Antidiplomatico басылмасына чыкты.
"Бул Европадагы өнөктөштөрүнүн жана АКШнын мурдагы администрациясынын колдоосу менен Украина үстөмдүк кылган позициядан туруп сүйлөшүүгө болгон-бүткөн аракетин жумшаган Зеленскийди жаакка чапкандай эле нерсе болду", — деп жазган колумнист Клара Стателло.
Аналитиктин пикиринде, Суджаны алдырып жибериши — Зеленкийдин саясий жана аскердик багытынын оңбогондой аксашы, анын жана айланасындагыларынын саясий сапарынын соңуна чыгышы.
"Кыязы, бул өтө эрте айтылган нерседир, бирок капитуляциянын желаргысы", — деп эсептейт колумнист.
Стателло Зеленскийди Украина армиясынын Курскиде жеңилишине жоопкер деп атады. Россиянын аймагына чабуул коюуга каалоосу күч болгону менен фронтту создуктуруп туруп алып, элиталык аскерлерден ажыраганын белгилеген.
Эске салсак, Россиянын "Түндүк" аскердик тобу чабуул жасап, Курскиде Меловой, Подол жана Суджа аймактарын бошоткон. Соңку маалыматтарда Украинанын армиясы бир суткада бул жерлерден 340 аскеринен, согуштук бир топ техникасынан ажырагандыгы айтылды.
2024-жылдын 6-августунда таңга жуук Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Россиянын аймагын басып алуу максатында Курск облусуна кирген. Алар көзөмөлгө алган эң чоң калктуу пункт Суджа болгон. Ошондуктан шаар негизги логистикалык түйүн катары колдонулуп, ал аркылуу Киев жакын жайгашкан бардык айылдар менен шаарлардагы өз бөлүмдөрүн камсыздап турган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Курскидеги аскердик жайда кеңешме өткөрдү. Президент эмнелерди белгиледи