БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Тоң районундагы "Бар-Булак" пансионаты 2,3 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, 20 жыл мурда Ак-Терек айыл өкмөтү өзүнүн балансына кирбеген пансионатты карызы үчүн Социалдык фондго өткөрүп берген.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Б.Ж. аттуу жаран пансионатты Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнөн 2006-жылы 2,5 миллион сомго сатып алган. Бирок 2007-жылы сот Ак-Терек айыл өкмөтү менен Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнүн ортосундагы бүтүмдү жараксыз деп тапкан. Буга байланыштуу аны сатып алган адамга акчасы кайтарылган. Ал эми жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт жокко чыгарылбай калган", — деп айтылат маалыматта.
Ошентип Б.Ж. 2006-жылдан бери пансионатты мыйзамсыз пайдаланып, мүлктү легалдаштыруу максатында документтерди жасалмалап, 2016-жылы күрөөгө койгону айтылды.
Бул боюнча иш козголуп, Б.Ж. кармалган. Ал эми "Бар-Булак" пансионаты мамлекетке өткөрүлгөн.