Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Украина менен кайсы жерлерди алдырарын талкуулап жатабыз

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. АКШ Украина менен башка маселелерге кошумча кайсы жерлерди алдырып коерун талкуулап жатат. Мындай билдирүүнү АКШнын президенти Дональд Трамп айтты.
"Россиянын согушту токтотуусун каалайбыз, баарыңар билгендей эле биз "жашыруун" иштеген жокпуз. Украина менен сакталышы же берилип кетиши мүмкүн болгон аймакты жана аймактагы тилкелерди, аны менен катар эле акыркы келишимдин элементтерин талкууладык", — деген Трамп.
Трамп ал жакта ири электр станциясы бар экендигине жана ал кимге тиет деген нерсе баарынын көңүлүндө турганын белгилеген.
"Электр станциясын ким алат, башкасы кимге тиет... Билесиңерби, бул оңой иш эмес", — деген президент.
Ал өзүнчө мааниге ээ көп маселе талкуулангандыгын, ири алдыда согушту токтотуп алуу керектигин белгилеген.
"Бирок негизи көп нерсе айтылып-делген. Аймактык маселени талкууладык, эгерде бул эч кандай мааниге ээ болбосо, согушту токтотууга убакытты кетиргиң да келбейт", — деген Америка лидери.
Ал Украинанын НАТОго кириши боюнча сөз дагы деле талкууланып жатканын, бирок жооп белгилүү экендигине дагы бир ирет токтолгон.
"Андыктан "муну ала алышыңар мүмкүн, ал эми тигини ала албайсыңар" деп да жатабыз. Дагы деле НАТО жана ага кирүүнү талкуулап жатышат, бирок жообун баары эле билет. Чынын айтканда, соңку 40 жылдан бери муну билип эле келишкен. Андыктан макулдашуунун көп нерселерин талкуулап койгонбуз. Эми аны Россия колдойбу же жокпу, көрөбүз. Эгерде "жок" дей турган болсо, бул дүйнө жүзүнүн шагын сындырат", — деп жыйынтыктаган Трамп.
Эске салсак, РФ лидери Владимир Путин Россия Украина менен 30 күндүк элдешүүгө макул экенин, бирок айрым жагдайлар бар экендигин айткан. Бул мөөнөт кандай пайдаланылары, Украинадагы мобилизация уланып, жаңы күчтөр даярдыктан өтүшү үчүн мүмкүнчүлүк жаратуу үчүн жасалып жаткан жокпу деген тейде ой учугун чубаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ушаков: Москва Украина менен убактылуу элдешүүнү каалабайт