Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Европаны Украинанын согушту токтотушун колдоого мажбурлап, тузакка илди

АКШнын президенти Дональд Трамп
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Европаны согушту токтотуу боюнча идеяны колдоого мажбурлаган АКШнын президенти Дональд Трамп аларды тузакка түшүрдү. Бул туурасында ЦРУнун мурдагы кызматкери Скотт Риттер айтканын РИА Новости жазды.
Аналитик Россия учурда кыйналып тургандыктан сунушталган бардык шартка көнөт деген сөздөр туура эместигин белгилеген.
"АКШ Европаны тузакка түшүрдү. Трамп согушту өзүнө ылайыкташтырды, себеби ал кармашка эмес, анын токтошуна кызыкдар. Россияны жеңе албайсыңар. Бул чөйрөдө өмүр бою жүргөн Сергей Лавровду кантип жеңүүгө болот? Бул орустардын (Сергей Лавров жана Владимир Путин — ред.) даярдыгы жакшы. Алар өздөрү, дүйнө, дегеле бардык нерсе тууралуу өтө жакшы (өтө көптү) билишет", — деген Риттер.
Эске салсак, 11-мартта Сауд Арабияда АКШ менен Украинанын делегациялары жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда Украина АКШнын 30 күндүк ок атышпоо келишимин тез арада киргизүү боюнча сунушун кабыл алууга даяр экени маалым болгон. Бул тараптардын өз ара макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн.
Ал эми бул сүйлөшүү туурасында пикирин билдирген РФтин Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев Украина боюнча кандай келишимдер болбосун Россиянын шартында түзүлөрүн эске салган.
Ал эми Москва убактылуу элдешип турууга эмес, Украинадагы жаңжалдын биротоло чечилишине кызыкдар экендигин РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков да билдирген.
Россиянын президенти Владимир Путин
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Украина менен 30 күнгө элдешүүгө даяр, бирок айрым жагдайлар бар