БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Шаар жана айылдардын көрүнүшүн өзгөрткөнүңөр менен өзүңөр өзгөрүүгө умтулган жоксуңар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун архитектор, долбоорчу жана дизайнерлерге кайрылуусунда айтылган.
Анын айтымында, бул кесиптерди аркалагандардын 60 пайызы ар кандай жолдор менен көмүскөдө иштейт.
"Мамлекет бүгүнкү күндө салыкты жеңил төлөө үчүн бардык шарттарды түзүүдө. Алсак, ар бириңер Креативдүү индустрия паркынын резиденти боло аласыңар. Ал жерде жөнөкөйлөтүлгөн отчеттуулук жана салыктын максималдуу жеңилдетилген ставкалары белгиленген. 2027-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүдөн бирдиктүү салыктын ставкасы – 1 пайыз, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып – 2 пайыз, жалданма кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 10 пайыздын ордуна 5 пайыз, ошол эле учурда жумуш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 15 жылга бошотулат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал салыктан качууга аракет кылуу баладарын, ата-энесин тоногонго барабар экенин айткан.