БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин кечээ америкалык чабарман, атайын өкүл Стив Уиткоффту кабыл алып, ал аркылуу АКШ лидери Дональд Трампка маалыматтарды жана кошумчалай тургандарын айттырган. Бул туурасында Кремлдин өкүлү Дмиртий Песковдун айтканын РИА Новости жазды.
Кремлдин башка билдирүүлөрү:
Россия АКШдан Украина боюнча кошумча маалыматтарды алды;
Путин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Трамптын позициясын колдой турганын билдирип, бирок аны менен катар эле биргелешип жооп табыш керек болгон маселелерди айтты;
Россия да, АКШ да Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү керектигин түшүнүп турат;
эки президенттин сүйлөшө турган так убактысы белгилүү боло элек;
албетте, этияттык менен үмүт кылууга (оптимизмге) негиздер бар, тагыраагы, сактыкта кордук жок.
Эске салсак, кечээ Путин Россия Украина менен 30 күндүк элдешүүгө макулдугун, бирок айрым жагдайлар бар экендигин айткан. Бул мөөнөт кандай пайдаланылары, Украинадагы мобилизация уланып, жаңы күчтөр даярдыктан өтүшү үчүн мүмкүнчүлүк жаратуу максатында жасалып жаткан жокпу деген тейде ой учугун чубаган.
Мындан сырткары, биротоло тынчтык орнотуп, кризистин баштапкы себептерин жок кылышы керектигин белгилеген.
Ал эми бул сүйлөшүү туурасында пикирин билдирген РФтин Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев Украина боюнча кандай келишимдер болбосун Россиянын шартында түзүлөрүн эске салган.
Ал эми Москва убактылуу элдешип турууга эмес, Украинадагы жаңжалдын биротоло чечилишине кызыкдар экендигин РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков да билдирген.