БИШКЕК, 14-мар.— Sputnik. Украина жетекчилиги аскерлерине “куралды таштап, багынып бергиле” деген буйрук бериши керек. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп жатканда айтканын Кремль жазды.
Буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп Курск облусундагы курчоодо калган украиналык аскерлерге ырайым берүүгө чакырган. РФ президенти эки өлкө өкүлдөрү жолукканын, мамилени жөнгө салуу аракеттери болуп жатканын белгилеп, америкалык жетекчинин украиналык аскерлерге карата гумандуу болууга үндөгөн сөзүн түшүнүү менен кабыл алганын белгиледи.
“Украиналык жоокерлер куралын таштап багынып берсе өмүрү сакталып, жакшы мамиле жасалат”, — деди Путин.
Ал украиналык аскерлер Россиянын карапайым элине каршы бир нече кылмыш жасаганын белгилеп, Трамп менен анын администрациясы мамилени оңдоо үчүн болгон күчүн жумшап жатканына токтолду.
“Трамп баш болгон жаңы администрация буга чейинки администрация кыйратып кеткен, талкалаган нерсени калыбына келтирүүгө колунан келгендин баарын жасап жатат”, — деди РФ президенти.