БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимине кол коюлушун кубаттайт. Бул тууралуу РФ ТИМинен билдиришти.
Анда Москванын шериктеш катары Бишкек менен Душанбеге чек ара месалесине чекит коюу үчүн саясий-дипломатиялык жардам көрсөтүп турганы айтылган.
"Келишимдин жардамы менен Борбор Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук бекемделеринен, Россиянын стратегиялык өнөктөштөрү Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси жаңы баскычка чыгарынан күмөнүбүз жок", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 13-мартта, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери мамалекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту.