БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. 2026-жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган минималдуу эмгек стажынын мөөнөтү өзгөрөт.
Учурда пенсия курагына жеткендерге (аялдар — 58 жаш, эркектер — 63 жаш) беш жылдык эмгек стажы жетиштүү.
"2026-жылдын 1-январынан тарта минималдуу эмгек стажы 6 жыл болот. Жылына бир жылдан кошулуп, талап кылынган стаж 2040-жылга 20 жылга чыгат", — деди Соцфонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде.
Ал мурун пенсияга чыгуу үчүн аялдарга 20, эркектерге 25 жылдык иш стажы талап кылынып келгенин кошумчалады.