Ош шаарында эски көрүстөндөр рекультивацияланат

Ош шаарында эски көрүстөндөр рекультивацияланат
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ош шаарында эски көрүстөндөр рекультивацияланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеп мындан 75 жыл мурда жабылган көрүстөндөр тууралуу болууда.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев казыяттын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар менен бирге шаардагы жабылган эски көрүстөндөрдү кыдырган.
"Алар И.Раззаков, Пахта, А.Шакиров көчөлөрүндөгү 75 жылдан ашык убакыт мурун жабылган көрүстөндөрдү көрүп, рекультивация жана коомдук муктаждыктар үчүн пайдалануу маселесин талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Мусулмандар көрүстөнү. Архив
Көрүстөнгө эстелик орнотуунун нускамасын киргизүү каралууда