Бишкек — Ош жолунда аласалып кеткен унаа өрттөнүп, 2 адам каза болду. Видео

Өрттөнүп жаткан автоунаа. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда Honda Stepwgn аңга кулап, өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кырсык саат 15:50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 303-чакырымында болгон.
"Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун сол жак тарабына аласалып, чуңкурга түшүп кеткен. Унаа толугу менен күйүп, айдоочу менен бир жүргүнчү көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иш жүргүзүүдө.
Жол кырсык. Архив
Бишкек — Ош жолунда сөөк алып бара жаткан унаа кырсыктап, үч киши каза болду