БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. 12 жылдык билим берүүдө 10-11-класстарга айдоочулукка окуткан предмет каралганын министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Депутат Бекмурза Эргешов мурда мектептерде жол эрежелери окутулуп, унаа айдоо үйрөтүлүп келгенин айтып, муну кайрадан жандантуу зарылдыгын кошумчалады.
"10-11-класстарга жол эрежелерин окутабызбы? Азыр балдардын баары унаа айдаганды каалайт. Предметти киргизебизби?" — деди депутат министрге.
Догдуркүл Кендирбаева сунушту кабыл аларын, ал 12 жылдык билим берүү системасында каралганын айтты.