БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Чүйдө дайынсыз жоголгон адамдын таш менен корумдалган сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февралда 50 жаштагы аял чогуу жашаган күйөөсү дайынсыз болуп жатканын билдирип, арыз жазган. Анда маркум былтыр 2-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени айтылган.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
12-мартта Токмок — Кегети жолу тарапта таш менен корумдалган сөөк табылган. Экспертиза ал дайынсыз жоголгон А.К. экенин, киши колдуу болгонун аныктаган.
Иш козголуп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Н.А. жана 28 жаштагы К.Ы. кармалган.
"Тергөөдө белгилүү болгондой, маркум Н.А. аттуу жарандын өгөй атасы болгон. Былтыр ноябрда ал досу менен өгөй атасынын үйүндө отуруп, уруша кетишкен. Натыйжада шектүүлөр маркумду катуу сабап, колун байлашкан. Андан кийин автоунаанын багажына салып Кегети капчыгайына алып барышкан да, бычак сайышкан. Маркум көз жумган. Андан соң шектүүлөр сөөктү жол четине таш менен жашырып, окуя болгон жерден качып кетишкен", — деп айтылат.
Учурда бул кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.