БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлушу менен куттуктады. Бул тууралуу анын атынан маалымат катчысы билдирген.
Гутерриш бул тарыхый жетишкендик экенин белгилеп, көп жылдык сүйлөшүү процессин ийгиликтүү жыйынтыктоодогу тараптардын чечкиндүүлүгүн жана саясий эркин жогору баалаган.
"Баш катчы эки өлкөнүн ортосунда өз ара ишенимди, жакшы коңшулук мамилени жана аймактагы тынчтыкты чыңдоо максатында туруктуу жана конструктивдүү кызматташтык уланарына үмүт артат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, көптөгөн чыр-чатактарга себеп болгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге эки өлкөнүн президенттери 14-мартта Бишкекте кол коюп, ортодогу чек ара ачылган.
Буга чейин бул келишимдин кол коюлушун ШКУ, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдар кубаттай турганын билдирген. Ошондой эле биринчилерден болуп Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимин колдой турганын кабарлады.