Бир нече WhatsApp топторунун администратору кармалды. Чоо-жайы

Бир нече WhatsApp топторунун администратору кармалды
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бир нече WhatsApp-топтордун администратору кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.М.М. аттуу жаран массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелүүдө.
"Шектүү "Элге акыйкат керек", "Айта берем, кайта берем", "Кыргыз коому", "Саясат, талкуу, ой-пикир", "Кыргызстан аңга баратат", "Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!" деген тайпаларды түзүп, чагымчыл билдирүүлөрдү тараткан", — деп айтылат маалыматта.
Ал ошондой эле былтыр Бишкекте 18-майга караган түнү болгон башаламандыкка түзмө-түз тиешеси бар экени айтылды.
Шектүү камакка алынып, аталган топтордун башка администраторлорунун деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюуга багытталган иштер уланып жатканы кошумчаланды.
Кармалган шектүүлөр. Архив
Экс-депутат жана дагы 10 киши башаламандык уюштурууга шектелип кармалды. Видео