БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мүлктү нак акчага алып-сатууда мамлекеттик алымды (пошлина) эки эсе арзандатуу сунушталып жатат.
Тийиштүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги жарыялады.
"Накталай төлөөдө пошлина ставкаларынын жогору болушу алып-саткандар үчүн оорчулук жаратууда. Нак эмес төлөөдө пошлинанын төмөндүгү нак төлөө ыкмаларын жактагандар үчүн дисбаланс жаратууда. Калктын финансылык жүгүн жеңилдетүү үчүн нак төлөм жүргүзүүдөгү пошлинаны төмөндөтүү сунушталат", — деп жазылган токтомдун негиздемесинде.
Сунушталган төлөмдөрдүн өлчөмү
Нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынган келишимдер үчүн:
туугандар арасында (балдар, ата-эне, жубайлар, бир туугандар, чоң ата, чоң эне, неберелер) — 5 миң сом (азыр 10 миң);
кадимки жарандар арасында — 10 миң сом (азыр 20 миң);
эгер тараптардын бири юридикалык жак болсо — 25 миң сом (азыр 50 миң).
Нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбаган келишимдер үчүн:
туугандар арасында — 1,5 миң сом (азыр 3 миң);
кадимки жарандар арасында — 2,5 миң сом (азыр 5 миң);
эгер тараптардын бири юридикалык жак болсо — 5 миң сом (азыр 10 миң).