БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Аэропорттон, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан айып пулду же карызды төлөөгө шарт түзүлдү. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.
Анын айтымында, аталган жерлерге атайын терминалдар орнотулган.
Үмүткан Коңкубаева айып пулду төлөгөндө акча "дароо өтөрүн" айтты. Ал чет өлкөгө чыгардан мурда карызы бар-жогун текшерип алуу ар бир адамдын милдети экенин эскертти.
Буга чейин көптөгөн кыргызстандыктар кичинекей айып пул же карыз үчүн сапарга чыга албай, билеттери "күйүп" кеткенине нааразы болуп келишкен. Мындан улам депутаттар аэропорттон эле төлөөгө шарт түзүүнү талап кылып келишкен.