2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турниринин экинчи айлампасында Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу 3-турдагы орунду камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алган. Тандоо турларынын алкагында “ак шумкарлар” алты оюн өткөрдү. Алдыда дагы төрт беттеште күчүн сынап, мундиалга чыгуунун аракетин көрөт.
Курама команданын даярдыгы, инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр, Кыргыз премьер лиганын старт алышы тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков маек курду.