Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын көбү ЕАЭБ өлкөлөрүндө жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Маалыматка караганда, жалпысынан учурда 600 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт. "Былтыр 380 миң кыргызстандык Россиянын, 70 миң мекендеш Казакстандын миграциялык каттоосунда турган", — деди Дарманкул уулу. Ал ошондой эле Түркияда 32 миңге жакын, АКШда 40 миңдей, Кореяда 17 миңден ашуун, Германияда 15 миң жана Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңден ашык мекендеш бар экенин кошумчалады.**БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлушу менен куттуктады. Бул тууралуу анын атынан маалымат катчысы билдирген. Гутерриш бул тарыхый жетишкендик экенин белгилеп, көп жылдык сүйлөшүү процессин ийгиликтүү жыйынтыктоодогу тараптардын чечкиндүүлүгүн жана саясий эркин жогору баалаган. "Баш катчы эки өлкөнүн ортосунда өз ара ишенимди, жакшы коңшулук мамилени жана аймактагы тынчтыкты чыңдоо максатында туруктуу жана конструктивдүү кызматташтык уланарына үмүт артат", — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, көптөгөн чыр-чатактарга себеп болгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге эки өлкөнүн президенттери 14-мартта Бишкекте кол коюп, ортодогу чек ара ачылган. Буга чейин бул келишимдин кол коюлушун ШКУ, ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдар кубаттай турганын билдирген. Ошондой эле биринчилерден болуп Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимин колдой турганын кабарлады.
Министрлик үй-бүлөлүк билим берүү боюнча жаңы тартип иштеп чыкты. Жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда Конституцияда мамлекет билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын колдой турганы жана ар бир жарандын акысыз билим алуусуна кепилдик берилери эске салынган. "2023-жылдын 18-августунда жаңы редакциядагы "Билим берүү жөнүндө" мыйзам күчүнө кирген. Анда министрлер кабинети өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын жаңы мыйзамга ылайык келтирүүсү зарыл. Мындан улам минкабдын токтом долбоору даярдалган. Ал үй-бүлөлүк билим берүү формасында башталгыч, негизги жана орто билимди акысыз алууга шарт түзүүнү көздөйт", — деп белгиленген маалыматта. Мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк билим берүү — бул мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык мектептен тышкары окутуу формасы. Окуучулар көчүрүү жана жыйынтыктоочу экзамендерин аралыктан тапшырып окуй алышат.
Кытай тарап Ак-Суу — Балыкчы темир жолун Бедел ашуусу аркылуу курууну сунуштады. Мындай демилгени КЭРдеги Ак-Суу округунун губернатору Адили Али Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолукканда көтөрдү. Тараптар өткөн жылдын сентябрь айында ачылган Бедел көзөмөл-өткөрүү жайынын инфраструктурасын өнүктүрүү маселесин талкуулашкан. "Бедел" — Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болуп калды. Буга чейин Садыр Жапаров Барскоон — Үчтурпан — Ак-Суу автомобиль жолу куруларын айткан.