Ышка каршы күрөштөгү бак-дарактын орду – Шаарда жашыл аймактар эмнеге керек?

Sputnik
Бишкек шаары бир убакта СССРдеги “эң жашыл, таза шаар” катары белгилүү болгон. Бирок мезгил менен кошо борбор калаа дагы тынбай өзгөрүп, улам бийиктеп, кеңейип жатат. Бирок жашыл аянттар тарып, дарактар карып, каптаган ыш олуттуу көйгөйгө айланды. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында дал ушул тынбай өсүп жаткан борбор калаадагы бак-дарактар, жашыл аймактар тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Улуттук илимдер академиясына караштуу Токой илим изилдөө институтунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Кулмурза Гапаров жооп берди.