Муфтияттагы санариптешүү. Битир-садага, зекет берүүнүн жол-жобосу да жаңыланууда

Sputnik
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы битир-садага, садага жана зекет берүүнү QR код менен ишке ашырды. Мындан тышкары заман талабына ылайык Толкунбек Аджи Джуманов, главный бухгалтер муфтиятты санариптештирүү иштери жүрүүдө. Учурда мусулмандар өз каалоосу менен жергиликтүү мечиттерге же кыйналган адамдарга, муктаж жакындарына битир-садага беришүүдө. Битир садаганы буудайдын, арпанын, мейиздин жана курманын баасы менен берсе болот.
Тандоо ниетке жараша болорун Толкунбек ажы Жуманов билдирип, битир, садага жана зекеттин айырмасын, берүү жолдорун, муфтиятка, мечиттерге түшкөн каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу айтты.