"Кызмат" мекемесинин жаңы имараты курулат — калкты тейлөө борборлорунда эмнелер өзгөрөт?

Sputnik
Бишкекте "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты салынат. Бул долбоор заманбап, технологиялык жана жарандарга багытталган мамлекетти түзүү жолундагы маанилүү кадам деп белгиленди. Өлкөнүн мамлекеттик секторун санариптик модернизациялоо, инновациялык маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, IT-долбоорлор, негизги санариптик чечимдер, быйылкы пландар тууралуу Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров айтып берди.