ШКУ, ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны макулдашканын кубаттады

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюлушун Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму кубаттады. Эл аралык эки уюм билдирүүлөрүн жарыялады.
"Келишим — тараптардын маселелерди тынчтык, тең укуктуу, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо принцибинде чечүүгө болгон жакшы ниеттин жүзөгө ашуусу болду", — деп жазылган ШКУнун билдирүүсүндө.
Ал эми ЖККУнун катчылыгы аталган келишим коопсуздукту камсыздоону жакшыртарын белгилеген.
"Чек ара маселелерин чечүү ар кандай багытта аймактык кызматташтыкты жакшыртууга көмөктөшөрү шексиз. Эки тууган элге экономикалык жактан өнүгүүнү каалайбыз", — деди катчылык.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери мамалекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту.
Кожентте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан маанилүү документке кол коет