БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Вашингтондун Россияга финансылык кысым көрсөтүү рычагдары бар, бирок аны колдонуу Украинадагы тынчтыкты орнотуу ишине каршы келип калат. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамптын айтканын РИА Новости жазды.
"Финансылык жактан алып караганда жагымсыз нерселер бар. Каржылык жактан бир нерсе жасай алам. Ал Россия үчүн жаман болуп калышы мүмкүн. Аны кылгым келбейт, себеби дүйнөдө тынчтык орношун каалайм", — деген Трамп.
Андан сырткары, өлкө башчы Украинадагы согушту жөнгө салуу жаатындагы пландарына токтолду.
"Ок атышууну токтоткондон кийин элдешип, кармашка толугу менен чекит коюу зарыл. Зеленский буга чейин тынчтыкка келүүгө ынабай жаткан, азыр моюн сунду. Киев менен аймактык маселени дагы талкууладык", — деген Трамп.
Ал согуш отун токтотуу боюнча Россиянын макулдугун күтүп жатканын, Москвага америкалык делегация жөнөтүлгөнүн да билдирген. Украина менен дароо элдешүү боюнча азырынча РФ президенти Владимир Путин эч нерсе дей электигин кошумчалаган.
Эске салсак, 11-мартта Сауд Арабияда АКШ менен Украинанын делегациялары жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда Украина АКШнын 30 күндүк ок атышпоо келишимин тез арада киргизүү боюнча сунушун кабыл алууга даяр экени маалым болгон. Бул тараптардын өз ара макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн.
Ал эми бул сүйлөшүү туурасында пикирин билдирген РФтин Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев Украина боюнча кандай келишимдер болбосун Россиянын шартында түзүлөрүн эске салган.