БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мындан ары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы эки элдин түбөлүктүү достугунун чек арасы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен биргелешкен билдирүүсүндө айтты.
Ал эки өлкөнүн ортосунда бир катар багыттар боюнча өз ара кызматташууну прогрессивдүү өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
"Биз саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну туруктуу өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар кабыл алынарын ырастайбыз. Бул максатта мамлекеттер аралык координациялык кеңештин, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жана тышкы иштер министрлер кеңешинин мүмкүнчүлүктөрү толук колдонулат", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле Тажикстан президенти менен биргеликте эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссияны кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешине айландыруу тууралуу чечим кабыл алынганын, бул кеңешти Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри жетектей турганын белгиледи.