БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча келишимине кол коюу тагдыр өзгөрткөн, тарыхый окуя болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Ынтымак ордодо" Эмомали Рахмон менен жолугушууда билдирди.
Өлкө башчы Тажикстан менен достукта, коңшулук мамиледе болуу Кыргызстандын тышкы саясатынын негиздеринин бири экенине токтолду.
"Мамлекеттерибиз байыркы тарых, маданият жана каада-салт менен байланышкан. Аймактык жана эл аралык маселелерде окшош позициядабыз", — деди Жапаров.
Рахмон кыргызстандык кесиптешинин сөзүн колдоду.
"Бүгүн кол коюлчу документтер эки тараптуу мамиленин жаңы барагын баштайт. Бүгүнкү жолугушуу эки өлкө элинин түпкү кызыкчылыгына жооп берген кызматташууну жогорку деңгээлге көтөрөт", — деди Тажикстандын президенти.
Учурда Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен өлкө башчы Садыр Жапаровдун жолугушуусу болууда. Коңшу өлкөнүн жетекчиси Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.