БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Москва убактылуу элдешип турууга эмес, Украинадагы жаңжалдын биротоло чечилишине кызыкдар. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц менен байланышта экенин билдирип, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясын түшүндүргөнүн айтты.
Ал тынчтыкка карай кадам таштагандай түр көрсөтүп коюу эч кимге керек эмес экенин белгиледи.
"Сунушталган убактылуу жарашуу — украин аскерлеринин эс алып алуусу үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк сыяктуу болуп калууда", — деди Ушаков.
Ошондой эле Владимир Путин бейшемби күнү бул сунуш боюнча так жана кененирээк айтышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, 11-мартта Сауд Арабияда АКШ менен Украинанын делегациялары жолугуп сүйлөшкөн. Анда Украина АКШнын 30 күндүк ок атышпоо сунушун кабыл алууга даяр экени белгилүү болгон. Бул тараптардын өз ара макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн экени айтылган.