Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын видеосу

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Анын алкагында тарыхый документке — Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара боюнча келишимине кол коюлду.
Sputnik
Мындан сырткары, бир катар документтерге кол коюу болду.
Кыргызстан менен Тажикстандын төрт жыл мурда жабылган мамлекеттик чек арасы ачылып, ага президенттер аралыктан туруп (онлайн) катышты. Рахмон өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдарды жандандыруу чечими туурасында айтып берди.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактардагы өз ара алаканы өнүктүрүү үчүн тиешелүү чараларды кабыл алууну сүйлөштү.