ӨКМ: кечээки Оштогу жер титирөөдөн 25 үй, 12 мектеп жабыркаган

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кечээки Оштогу жер титирөөдөн 25 үй, 12 мектеп жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Мындан тышкары, бир бала бакча менен бейтапкананын имаратынан жарака кеткен.
Жарандык коргонуу комиссиясы имараттардагы эски жаракалар жер титирөөдөн чоңоюп кеткенин аныктады.
Жабыркаган үйлөрдүн 13ү Алай районунда, калганы Кара-Сууда жайгашкан.
Эске салсак, 12-мартта Ошто күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсүн Жалал-Абад облусундагылар дагы сезгени айтылган.
Пресс-борбор
Бишкекте 100 объектинин сейсмикалык туруктуулугу текшерилди. Жыйынтык